Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:00

Башаламан курулуштар: депутаттык комиссиянын иши дагы үч айга узарды


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаарындагы башаламан, мыйзамсыз курулуштарды иликтеген депутаттык комиссиянын иши февраль айына чейин узарды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы сессиясында кабыл алынды.

Анда комиссиянын төрагасы, депутат Дастан Бекешев апрель айында түзүлгөн комиссия ар кандай себептерден улам төрт жолу гана жыйын өткөргөнүн, иштер бүтө электигин билдирди.

Соңку жылдары Бишкекте менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Алардын айрымдары көп кабат үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет. Баш калаанын деталдык пландоо долбоору (ДПД) боюнча да маселе көтөрүлүп жүрөт.

Адистердин айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болчу, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө.

XS
SM
MD
LG