Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Казакстан: активист Жанболат Мамай үй камагына чыгарылды


Саясий активист Жанболат Мамай.
Саясий активист Жанболат Мамай.

Казакстанда катталбаган Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай 2-ноябрда үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Алматынын Бостандык райондук соту чыгарды. Ал "мыйзамсыз митинг уюштурган, маалымат каражаттарын колдонуу менен бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген, жалган маалымат тараткан" деп айыпталып жаткан.

Жанболат Мамай Январь окуяларында каза болгондордун элесине арналган митингге катышкандан көп өтпөй февраль айында камалган. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып, козголгон иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтууда.

Freedom House жана бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Мамайды бошотууну талап кылып келишет.

Астанага август айында барган Европарламенттин депутаттары да казак бийлигин активисттерди, анын ичинде Мамайды куугунтуктоону токтотууга чакырышкан.

Активисттин иши боюнча кийинки соттук отурум 7-ноябрга белгиленди.

XS
SM
MD
LG