Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:32

Ысык-Көлдө 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды


Мамлекеттин балансына өткөн жер. Ысык-Көл. Сүрөт УКМКга таандык.
Мамлекеттин балансына өткөн жер. Ысык-Көл. Сүрөт УКМКга таандык.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 14,6 млн. сомдук 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Расмий маалыматка караганда, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен Отрадное айыл аймагынан өндүрүштүк-коммерциялык фирмалардын бирине жер тилкеси бөлүнүп берилип, анын негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик акт чыгарганы аныкталган.

"Андан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттары жана өндүрүштүк-коммерциялык ишкананын төрагасы, жер комиссиясынын өкүлдөрүнөн, айыл өкмөтүнүн адистеринен турган комиссия тарабынан 2014-жылы учурда жерди жеке максатта пайдаланууда, коомдун 27 мүчөсүнүн жер тилкелерин анын төрагасынын жеке менчигине берүү зарылдыгы жөнүндө акт түзүлгөн. Ошол эле учурда кийин айыл чарба өндүрүштүк кооперативи болуп кайра түзүлгөн ишкананын мүчөлөрү Ак-Суу районунун Отрадное айыл аймагынын аймагында иш жүзүндө жашаган эмес", - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Буга чейин Башкы прокуратура Талас, Ош облустарында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен жерлер мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG