Кыргызстанда "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.
Өткөн апта соңунда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинсе, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтилген соң камакка алынды. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында эки ай камакта болмокчу.
Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, жалпысынан соңку иш боюнча 28 адам шектүү катары өтүп жатат. Алардын ичинен кармалгандардын бири Таалайбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагында калтырылса, активист Тилекмат Кудайберген уулуна издөө жарыяланган.
Тергөөнүн материалдарында Кемпир-Абад боюнча оппозициячыл күчтөрдүн жыйынына катышты делген Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиевдин ысымы көрсөтүлгөн. Бирок Масалиев "Азаттыкка" маегинде бул иш боюнча аларга карата эч кандай тергөө иш-чаралары жүргүзүлбөгөнүн ырастады.
Мындай жол менен жапырт камоолордун уланышы жана өлкөдөгү эркин маалымат каражаттарына басым саясий күн тартиптин башкы сабында болуп, коомдо чочулоолорду жаратууда. Анткени эгемен тарыхында үч жолу элдик толкундоонун жыйынтыгында бийлик алмашкан Кыргызстанда салыштырмалуу демократиялык башкаруу өкүм сүрөт деп айтылып келген. Өлкөдө оппозициячыл күчтөр активдүү иш алып барып, ар кандай акциялар тынымсыз өткөрүлчү.
Бийлик башчылары да өз билдирүүлөрүндө муну белгилеп, демократиялык жолдон тайбай турганын бир нече жолу убада беришкен.
Дал ушундай кырдаалда соңку камоолорго эмне себеп болду, бийлик эмнеге мындай чукул чараларга барды деген суроо коюлуп жатат.
Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев дал ушундай жол менен бийлик өз ордун бекемдөөнү тандады деген пикирде.
"Массалык камоолор, болгондо да орунсуз эле жалаа менен камоо жакшылыкка алып барбайт. Президент жана президенттин тегерегиндеги топтор кандайдыр-бир күч менен чоң маселени чечүүгө аракет кылып жатат. Албетте, 28 адамды камаса деле, алар эртең бүрсүгүнү чыгат. Анткени өз убагында Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров деле ушундай кармалып, кийин сот актабадыбы. Ал учурда да кандайдыр бир негиздери болсо, азыркы камоолорго такыр эле негиз жоктой. Ошондуктан, соңку окуяларды мен авторитаризм деп айта албайм, бирок бийликтин ушундай жол менен өз ордун бекемдөө аракети экени көрүнүп турат".
Расмий бийлик жапырт камоолорду мыйзамдуулукту жана өлкөдөгү туруктуулукту сактоо аракети деп атап жатат.
Буга чейин президент Садыр Жапаров соңку кырдаал боюнча "Кабар" улуттук агенттигине маек куруп, кармалгандарды Кемпир-Абад маселесин кыска кызыкчылыкка колдонуп жатат деп сындаган.Жапаров камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айткан болчу.
Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев акыркы кырдаалды кадимки саясий жараян катары сыпаттайт:
"Менин пикиримде, бийлик "бизде да күч бар, бизде позиция бар, силер жакшы нерселерди көрүп, стабилдүүлүктү орнотууга жардам беришиңер керек" дегенди ишара кылып жатат. Президент деле, Министрлер кабинетинин төрага орун басары деле оппозициябыз деген адамдар менен Кемпир-Абад маселеси боюнча эки-үч курдай жолугуп, түшүндүргөнгө аракет кылганын, бирок алар ага карабай эле стабилдүүлүктү бузабыз деген аракетте болгонун айтышпадыбы. Ошондуктан бийликтин бул сөзүндө өзөк бардай сезилип жатат".
Акматалиев акыркы кармалгандарды оппозиция деп атоого болбойт деген пикирде.
Азыркы тапта дал ушундай саясий кризиске туш болгон Кыргызстанда мындан аркы окуялар кандай өнүгөт деген суроо турат. Өлкөдөгү оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, активисттер, бир катар эл аралык уюмдар жаралган кырдаалга камтамачылыгын билдирди. Буга чейин Евробиримдик, Human Rights Wacht уюм баштаган бир нече эл аралык институттар кайрылууларды таратты.
Айрым саясатчылар бийлик бул жолдо өзүнө сын айткандарды кысымга алуу саясатын улантышы мүмкүн деп чочулап жатат. Маселен, депутат Дастан Бекешов "массалык маалымат каражаттарына басым муну менен токтобойт" деп, өлкөдөгү башка эркин маалымат каражаттарын этият болууга чакырды.
Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев соңку окуялардын объекти Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу болгондуктан азыркы жетекчилерге катуу тийип жатканын белгилейт. Ал кырдаалды курчутпай диалог менен чечүү бийликтин жоопкерчилигинде экенин айтууда.
"Эгер бийликти сындагандардын баарын камай берсе СССРдин тушундагыдай ар бир үйдүн ашканасында оппозиция жаралат. Мисалы, камалгандардын жакындары, тарапкерлери эле сүйүнүп жатат дейсиңби. Ошондуктан азыр чоң көйгөй жаралып калды. Аны чечүү бийликтин колунда. Эгер бийлик адилет чечим сунуштаса, көпчүлүк да ынанат. Анан камоо менен эле маселе чечилет десе ал туура эмес жол".
Өткөн аптада Маданият жана маалымат министрлиги "Азаттык" радиосунун вебсайтын эки айга бөгөттөө чечимин жарыялаган. Министрлик "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалдарга байланыштуу ушундай чара көрүлдү" деп түшүндүргөн.
Сөз "Настоящее время" каналынын сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр учурундагы эфир жөнүндө болуп жатат.
Радионун жетекчилиги соңку чечимди "журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети - Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма” деп атады.
31-октябрда болсо УКМКнын тапшырмасы менен радионун банктагы эсептери жабылганы белгилүү болду. "Демирбанк" эсеп жабылганын оозеки гана билдирип, расмий маалымдама берген жок.