Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

"Азаттык" радиосу жаңы веб-сайт түзгөн жок


“Азаттык Медиа” мекемеси жаңы веб-сайт түзгөн жок. “Азаттык” радиосу көз карандысыз журналистикага ишенген башка уюмдарга маалыматты бөлүшкөнгө тоскоол боло албайт. Андыктан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин соңку дооматы негизсиз экенин белгилейт.

29-октябрда кечки саат 18:55те аталган министрлик "Азаттык Медиага" эскертүү кат жолдогон. Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кол койгон катта "Азаттык Медианын" сайттарына эки айга бөгөт коюу чечимине карабай, башка IP даректер, домендик аттар аркылуу иштеп жатканы жазылган. "Кыргыз Республикасынын "Анык эмес маалыматтан (жалган) коргоо" боюнча мыйзамынын 3-беренесине ылайык, сайт же сайттын ээси бөгөт коюлгандан кийин Интернетте жаңы, же башка сайт ачууга укугу жок. Муну менен катар министрлик "Азаттык Медиа" Кыргыз Республикасынын атайын ыйгарымдуу органынын чечимин аткарбай, Жазык кодексинин 434-беренесин бузуп жатканын кабарлайт. "Азаттык Медиа" административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Жогоруда белгиленген нормаларды ашыруу үчүн министрлик укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу экенин эскертет", - деп жазылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиага" жолдогон каты, 29-октябрь, 2022-жыл.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиага" жолдогон каты, 29-октябрь, 2022-жыл.

26-октябрда министрлик "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. Расмий билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга байланыштуу билдирүү жасап, “журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети - Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айткан.

"Азаттык" радиосу - Кыргызстанда бейтарап жана калыс маалымат тараткан медиа каражаттарынын бири. Анын кыргыз, орус тилиндеги вебсайты жана социалдык медиадагы платформалары өлкөдөгү эң популярдуу маалымат ресурстарынын катарына кирет.

XS
SM
MD
LG