Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

ЖК: 19 тонна алтындан түшкөн пайда интервенцияга жумшалганы сынга алынды


Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 31-октябрдагы жыйынында "Кыргызстандын 2023-жылдагы республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жатат. Анын жүрүшүндө комитеттин төрагасы, депутат Аманкан Кенжебаев Кумтөрдөн өндүрүлгөн 19 тонна алтынды сатуудан түшкөн каражатты Улуттук банк интервенцияга жумшаганын сынга алды.

"Бул жерде "Кыргызалтындан" алынган 19 тонна алтын Улуттук банк аркылуу 1 миллиарддан ашык долларга сатылды деп жатат. Ошонун 760 миллион доллары акчанын курсун кармоо үчүн интервенцияга деп жумшалып жатат. Улуттук банк өзүнүн акчасы менен интервенция кылчу эле, эмнеге мамлекеттин акчасын жумшап жатат? Мунун жоопкерчилигин ким тартат?".

Депутаттын бул суроосуна Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков жооп берди.

"Сиз айткан 700 миллион доллардын тегерегиндеги акча резервге кирет. Ошондуктан биз аны интервенцияга жумшаганбыз. Ал Улуттук банктын акчасы. Себеби биз алтынды "Кыргызалтындан" сатып алганбыз", - деди Куленбеков.

Ушул жылдын август айында “Азаттык” Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтындын сатылышына байланыштуу макала жарыялаган. Анда расмий маалыматтарга таянуу менен Улуттук банк 2021-жылы өз резервинде сакталып турган чоң көлөмдөгү алтынды сатканы белгиленген.

Мындан көп узабай президент Садыр Жапаров кайсы убакта кайсы өлкөгө канча алтын сатылып жатканы жөнүндө маалымат ачыкталбай турганын билдирген. Ал "Кумтөр" баштаган бардык кендердин алтынын "Кыргызалтын" аркылуу Улуттук банк сатып аларын, аны чет өлкөгө алып барып, дүйнөлүк биржада сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турарын, жылдын аягында "Кумтөрдөн" таза киреше казынага келип түшөрүн айткан.

Ушул айдын башында Кумтөр кениндеги соңку жагдайды жана алтындын сатылышын иликтөө үчүн депутаттык жана коомдук комиссиялар түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG