Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Орхан Инандыны таап берүүнү убада кылган адам сотто акталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “Сапат” билим берүү мекемесин негиздеген Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткан кезде аны таап берүүнү убада кылган адам Жогорку сотто акталганын 29-октябрда «Клооп» басылмасы жазды.

Маалыматта айтылгандай өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, Инандыны таап берем деп убадалап, анын жакындарынан 50 миң доллар жана Subaru Impreza автомашинасын алган деген шек менен мурда соттолгон 28 жаштагы жаран кармалган.

Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камалган. Тергөөнүн жүрүшүндө иш «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен кайра карала баштаган.

Бишкектин Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айыппул салган жана келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирген. Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн өзгөртүп, кылмыштын курамы жок деген негизде аны актаган. Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 2021-жылы 1-июнда дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Быйыл 9-сентябрда Түркиянын баш калаасы Анкарада Инандынын кезектеги соту өттү. Прокурор аны дин ишмери Фетхуллах Гүленге байланыштуу "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен 15-22 жылга чейин эркинен ажыратууну соттон суранды. Инанды эч күнөөсү жок экенин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG