Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Байден дан экспортуна байланыштуу Орусиянын чечимин айыптады


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын дан экспортуна байланыштуу келишимдин Орусиянын чыгып жатышын айыптап, Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен түзүлгөн бул келишим ошол бойдон сакталышы керектигин билдирди.

"Орусиянын мындай кылуусуна эч кандай себеп жок. Алар ар дайым чектен чыккан аракеттерди жасоо үчүн кандайдыр бир шылтоо издеп, «ушуга мажбурлады» деп Батышты күнөөлөшөт", - деди Байден журналисттерге.

Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москванын дарегине айтылып жаткан сынды “адилетсиз” деп, Орусиянын келишимден чыгып жатышы “украин бийлигинин ойлонбогон аракеттеринен улам экенин” айтты.

Орусия Украинанын буудай жана башка дан азыктарын Кара деңиздеги украин портторунан башка өлкөлөргө экспорттоо боюнча келишимден чыкканын 29-октябрда жарыялады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугу менен түзүлгөн бул келишимден чыгуу себебин орус бийлиги Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганы менен түшүндүрүп жатат.

Украина Орусиянын чечимин “опузалоо” деп баалап, чабуул тууралуу ойдон чыгарылган билдирүү таратылып жатканын белгиледи.

БУУ Африка менен Азиянын жакыр өлкөлөрү ачарчылык коркунучуна кептелиши мүмкүндүгүн эскертип, Орусияны келишимден чыкпоого үндөдү. Уюмдун атайын өкүлүнүн орунбасары Фархан Хак Орусия менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын кабарлады.

Евробиримдик Украина боюнча дан келишимин сактап калуу үчүн БУУ баштаган аракеттерди колдойт.

Украина - дүйнөдөгү ири дан экспорттоочу мамлекеттердин бири. Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийинки согуштук абалда украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган.

Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген.

XS
SM
MD
LG