Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:51

АКШ Орусиянын коммерциялык спутниктерге чабуулун жөн койбойт


Жон Кирби.
Жон Кирби.

Американын инфраструктурасына, анын ичинде коммерциялык спутниктерине Орусиянын чабуулу тим калбайт.

Бул тууралуу бейшембидеги брифингде АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби билдирди. Бирок кандай жооп берилерин ачык айткан жок. Кирби ачык маалыматтарга караганда Орусия спутникке чабуул коюучу системаларды алууга аракеттенип жатканын кошумчалады.

Андан мурдараак Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Константин Воронцов Орусия Украинадагы согушта колдонулуп жаткан спутниктер тууралуу маалыматтар - мыйзамдуу бута катары каралып жатканын билдирген.

Кирбинин маалымдашынча АКШ президенти Жо Байден "Чоң жыйырманын" Индонезияда өтүүчү жыйынында Орусиянын президенти Владимир Путинге жолукпайт. Буга чейин президент Байден өзү да Путин менен жолугушууну каалабаганын бир нече жолу айткан.

Орус президенти жыйынга катышарын расмий ырастай элек. Бейшембиде ал азырынча чечим кабыл ала электигин айтып, бирок Орусиянын өкүлдөрү сөзсүз түрдө саммитке катышарын билдирди.

Аскер эксперттери Украинадагы согушта коммерциялык спутник системалары колдонулуп жатканын белгилеп келет. Илон Масктын Starlink спутник байланышы украин армиясында кеңири пайдаланылууда. Бул байланыш учкучсуз учактардан чалгын маалыматтарын, буталарды так алууга жана башка максаттарда колдонулат. Спутниктен байланышты Viasat компаниясы алып берет.

XS
SM
MD
LG