Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:34

Орусия Херсон шаарынан 70 миңдей адамды чыгарып кетти


Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызгылт түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 24-октябрга карата карта.
Орусиянын күчтөрү басып алган украин жерлери кызгылт түс менен белгиленген. Бошотулган жерлер көгүш түс менен көрсөтүлгөн. 24-октябрга карата карта.

Украинанын Херсон облусундагы Орусия дайындаган губернатор Владимир Сальдо аймактын административдик борборунан 70 миңден ашык адамды чыгарылып кеткенин маалымдады. Херсон шаарынын тургундары облустун орус аскерлери көзөмөлдөп турган жагына, Днепр дарыясынын сол жээгине эвакуацияланды.

Сальдонун орун басары Кирилл Стремоусов эвакуациялоо иштерине Москва облустук администрациясынын өкүлдөрү катышканын тактады. Ал ошондой эле сол жээкке Херсон облустук администрациясы да Днепрдин сол тарабына көчүрүлгөнүн кошумчалады.

Херсондун айланасында кармаш айыгышкан мүнөздө өтүп жатат. Украин күчтөрү Днепр дарыясынын оң жээгинде орус армиясына катуу сокку урууда. Суунун оң тарабында алар 100дөй айылды бошотуп, жакын арада Херсон шаарына кирип барат деп күтүлүүдө. Буга байланыштуу Орусиянын бийлиги аталган шаардагы Москвага ыктаган тургундарды Херсондун экинчи жагына эвакуациялоо иштерин баштаган.

Орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрдагы контрчабуулда бошоткон. Августтун аягында башталган чабуулдар дале уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG