Ысык-Көлдүн жээгине өзүнчө кумаркана аймагын ачууну сунуш кылган эки мыйзам долбоору бүгүн 27-октябрда Жогорку Кеңештин кароосунан алынып салынды. Парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети аларды четке кагууну сунуш кылып, көпчүлүк макул болду.
Комитеттин төрагасынын орун басары Айсаракан Абдибаева быйыл жайында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүү тууралуу мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу аталган эки долбоорду кароонун мындан аркы актуалдуулугу жок экенин белгиледи.
Экинчи окууда четке кагылган мыйзам долбоору «Ысык-Көл облусунун аймагындагы туристтик оюн-зоок комплекси камтылган атайын административдик район жөнүндө” деп аталат. Экинчи мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды. Ал «Кумар оюндарына байланыштуу ишмердүүлүк боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” деген аталышта.
Экөөнү тең Жогорку Кеңештин буга чейинки алтынчы чакырылышында депутат болгон Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков иштеп чыгышкан.
Быйыл 20-июнда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети Ысык-Көлдүн жээгине өзүнчө район уюштуруу тууралуу мыйзам долбоорун жабык карап, экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алган.
Бирок депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болгон.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам кабыл алынса андагы коюлган талаптардын так сакталышына убада берген. 22-июнда жогоруда аталган эки мыйзам долбооруна добуш берүү парламентте үзгүлтүккө учураган.
Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган эле. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.
Кумарканалардын чет өлкөлүктөр үчүн иштөөсүнө уруксат берген мыйзам быйыл 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болгон. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.
Президент Садыр Жапаров ал мыйзамга 30-июнда кол койгон. 25-июнда ал мыйзамды колдоп берген депутаттарга алкышын айткан, ал эми каршы чыккандарды “саясий упай топтоп, элдин диний ишенимдерине ойноп, өздөрү эптеп бийликке келүүнү эңсеген күчтөр” деп атаган.(RK)