Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Зеленский Путинден "дубай салам" алганын айтты


Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев, Украина.
Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало менен Украинанын президенти Владимир Зеленский. Киев, Украина.

Орусиянын бийлиги Украинада сегиз айдан бери уланып жаткан согуштун фонунда “карым-катнашты кайрадан жакшыртуу” ыктымалдуулугу жөнүндө Киевге “дубай салам” жиберди. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский Африкадагы мамлекет Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало менен биргелешкен маалымат жыйынында билдирди.

Сисоку Эмбало мунун алдында Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан. Зеленскийдин сөзүнө караганда, орус бийлиги "белгини" ошол аркылуу билдирген.

“Ал Орусия мамиледеги көпүрөлөрдү кайрадан калыбына келтирүүнү каалап жатканын айтты. Бирок Орусия менен сүйлөшүү башталышы үчүн алар жарандык инфратүзүмдөргө сокку уруусун токтотушу керек. Орусиянын экинчи маселеси - карым-катышты бөгөттөөнү ачуу. Келгиле, мурдагы карым-катышты, жок дегенде биздин Кара деңизде бөгөттөөнү токтотолу”.

Владимир Зеленский Путиндин диалогго даярдыгы тууралуу белги болгону орусиялык аудиторияга жана Орусия менен саясий мамилесин сактап келаткан өлкөлөргө гана багытталган куру сөз экенин кошумчалады. Ал Орусия Украинанын суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларын сыйлай баштаганда гана Киев сүйлөшүүгө барарын кайталады.

Гвинея-Бисаунун президенти Сисоку Эмбало Путин менен сүйлөшүүсүнүн мазмунун Зеленскийге жеткиргенин бышыктады. Москва бул тууралуу расмий комментарий берген жок.

Москва Украинанын төрт облусун аннексиялап алгандан кийин Зеленский Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эместиги тууралуу жарлык чыгарган. Киев Орусияга башка президент келгенде гана Москва менен диалог кылууга даяр экенин маалымдаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG