Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Райондук сот Канат Исаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди


Канат Исаев.
Канат Исаев.

23-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 24-октябрда билдирди. Ага ылайык, сот Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрттү. Соттун чечими менен саясатчы 23-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Атайын кызмат Исаевге козголгон кылмыш ишинде "жашыруун" деген гриф болгондуктан азырынча маалымат бере элек.

2017-жылы Канат Исаев "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деген шек менен камалган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурду. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылып, 48 саатка камалды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG