Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

15 жыл мурун киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат


Alisher Saipov journalist
Alisher Saipov journalist


Кыргызстандык журналист Алишер Саипов 2007-жылы 24-октябрда Ошто көчөдө белгисиз бирөөлөрдүн огунан набыт болгон. 26 жашында киши колдуу болгон журналисттин жаркын элесине арналган иш-чара Бишкекте өиүп жатат. Ага маркумдун жакындары, журналисттер, Акыйкатчы институтунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 15 жыл мурун Алишер Саиповдун кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу материалдарды сурап, укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок эмгиче жооп ала албаганын белгиледи.

Алишер Саипов 2005-жылы Кыргызстанда болгон бийлик алмашууну, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясын жеринен чагылдырган. "Америка добушунда", "Азаттык"» радиосунун өзбек кызматында, "Фергана.ру" маалымат агенттигинде, "Демос-таймс" жана өзү негиздеген "Сиёсат" гезитинде иштеген.

Журналисттин өлүмүнө айыпталып, 20 жылга камалган киши 2010-жылы күнөөсү жок деген негизде бошотулган. 2012-жылы кылмыш иши кайра карала баштап, 2013-жылы токтотулган.

2019-жылы кайрадан уланган тергөө иши токтотулганын 6-сентябрда "Азаттыкка" Башкы прокуратура маалымдаган. Маалыматка ылайык, буга "айыпталуучу катары жоопко тартылуучу адамдарды аныктоо мүмкүн болбогону" себеп болгон.

Алишер Саипов: Арман коштогон 15 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:31 0:00

Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу «Newseum» маалымат музейине жазылган. Ал жердеги мемориал дүйнө жүзүндөгү кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү үчүн ачылган.

XS
SM
MD
LG