Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:57

Акыйкатчы милицияга жеткирилген активисттер боюнча иштеп жатканын билдирди


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова үйү тинтилип, милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип жатканы айтылган жарандык активисттер боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери иштеп баштаганын “Азаттыкка” билдирди.

“Мен дагы социалдык тармактардан маалымат алдым. Али Шабдан Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө, Эрлан Бекчоро Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө экен. Рита Карасартованын үйүнө дагы кызматкерлер барышат”, - деди ал.

Жарандык активист Эрлан Бекчоро Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө отурганын “Азаттыкка” билдирген. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматында, 12 адамдын үйү тинтилип, Али Шабдан атуу активистти дагы милиция алып кеткен. Абдирасулова аларга Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен иш козголгонун билдирүүдө. Бирок ИИМ расмий маалымат бере элек.

23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланган.

22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.

20-октябрда президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Берилген суроолорго президент Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берген. Экөө тең “жер берилди, сатылды” деп жалган маалымат таратпоого чакырып, Кыргызстан алып жаткан 19 миң 699 гектар жердин көпчүлүгү Өзбекстанга таандык болгонун айткан. Анын ордуна Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4485 гектар жерди берип жатканы белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG