Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:58

Оппозициялык саясатчылардын үйү тинтүүгө алынганы кабарланды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

“Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” маалымдап, учурда милиция анын үйүнө келгенин билдирди.

“Дээрлик бардык мүчөлөрүнүн үйлөрүн тинтип жатышат. Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Улукбек Маматаев, Рита Карасартова, иши кылып баарыбыздыкына келди. "Массалык башаламандык даярдап жатышат" деп кылмыш иши козголуптур”, - деди Жээнбеков.

Социалдык тармактарда активисттер Эрлан Бекчоро, Гулнара Журабаева алардын үйүнө дагы милиция тинтүүгө келгенин жазды. Азырынча ИИМ тинтүүлөр тууралуу расмий маалымат бере элек.

22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.

20-октябрда президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип, жарандык активисттер, чек арага жакын айылдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Берилген суроолорго президент Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берген. Экөө тең “жер берилди, сатылды” деп жалган маалымат таратпоого чакырып, Кыргызстан алып жаткан 19 миң 699 гектар жердин көпчүлүгү Өзбекстанга таандык болгонун айткан. Анын ордуна Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычындагы 4485 гектар жерди берип жатканы белгиленген.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG