Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Иран өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө чакырды


Ирандын Киевдеги элчилигин алдындагы жанкечти дрондорго байланыштуу каршылык акциясына чыккандар. 17-октябрь, 2022-жыл.
Ирандын Киевдеги элчилигин алдындагы жанкечти дрондорго байланыштуу каршылык акциясына чыккандар. 17-октябрь, 2022-жыл.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Украинадан чыгып кетүүгө жана ал жакка барбоого 21-октябрда чакырды. Муну расмий Тегеран "аскердик кагылышуулардын чыңалуусуна жана Украинадагы туруксуздукка" байланыштырды.

10-октябрдан бери Орусия Украинанын шаар-кыштактарын тынымсыз абадан аткылап жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Тегеран Москвага дрон сатканын четке кагып келет.

Ал эми 20-октябрда АКШ аннексияланган алган Крым жарым аралында ирандык аскерлер Украинанын шаарларына дрон менен сокку урууга орусиялыктарга жардам берип жатканын билдирген. Бул тууралуу Ирандын бийлиги азырынча үн ката элек.

21-октябрда Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел менен телефондон сүйлөшкөндө Тегеран Орусияга дрондорду берген деген маалыматты төгүндөдү.

XS
SM
MD
LG