Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу жүрүш өтүүдө


Өзгөн. 2022-жылдын 21-октябры. "Фейсбуктагы" түз эфирден алынган сүрөт.
Өзгөн. 2022-жылдын 21-октябры. "Фейсбуктагы" түз эфирден алынган сүрөт.

Бүгүн, 21-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өтүүдө.

Социалдык тармактардын колдонуучулары жеринен бөлүшүп жаткан түз эфирдеги видеолордон колуна “Кемпир-Абад калсын!”, “Кемпир-Абад берилбесин!”, "Кемпир-Абад түштүктүн Ысык-Көлү" деген жазууларды, Кыргызстандын мамлекеттик туусун кармап алган ондогон адамдар көчө боюнда жөө баратышканын көрүүгө болот. Видеонун авторлору алар Өзгөн шаарында өтө турган акцияга баратканын айтып жатышат.

“Азаттык” бул боюнча комментарий алуу үчүн Ош облустук ички иштер башкармалыгына кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу айтып жатып талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт.

Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага да ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Атайын кызматтын башчысы Кемпир-Абаддагы сууну сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөй турганын айткан. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган. (RK)

XS
SM
MD
LG