Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Аны кызматтан алууга 43 депутат макул болсо, 16си каршы добуш беришти.
Добуш берүү аяктагандан кийин дептутат Сүйүн Өмүрзаков каршы добуш бергенин, бирок эсепте "макул" болгондорго кошулуп калганын билдирди.
Мунун алдында Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу маселесинде парламентте талаш-талкуу жаралган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мындай учур ар бир депутаттын, комитет төрагасынын башына келе турганын айтса, эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев "комитет коллегиалдуу орган экенин, анын чечимдерине кол койбой коюусу жоопкерчиликтен качуу экенин" айтты.
"Азыркы көтөрүлүп жаткан маселе чек ара маселеси эмес, Кемпир-Абад маселеси эмес. Жыйынды ачып, өткөрүп, акырына келип жоопкерчиликтен качып, кол койбогону үчүн. Ушуну түшүнүп алгылачы. Мен деле жөн эле кол коюп коет деген кишилерден эмесмин. Чек аранын бул жерде тиешеси жок", - деди Сатыбалдиев.
Айрым депутаттар комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду айыптап, "саясий ката жана Жогорку Кеңештин ишине саботаж" деп баалашты. Муну кылмыш деп атагандар да болду.
"Альянс" фракциясынын лидери Жанарбек Акаев эгер депутаттар Айдарбековду төрагалыктан чакыртып алса, фракция бир дагы комитетке төрагалык кылбай турганын билдирген.
Чыңгыз Айдарбеков өзү ката андан кетпегенин билдирди.
"Комитет төрагалары кандай дайындалса, ошондой эле алып коюп жатат. Мен жыйынды регламенттин негизинде өткөрдүм. Сабатсыздык дагы болду, кагаздар бизге туура эмес берилди. Бул менден көз каранды эмес. Депутаттардын бардыгы күбө болушту. Мен көп нерселерди жарыялай албайм. Анан депутаттардын өзүнө маалымат берем. Бирок тарыхый кагаздарга карасак ушул суу сактагыч Кыргызстандыкы. Биз өткөрүп бергенбиз деген бир дагы кагаз жок. Мен регламенттин негизинде алып бардым. Калганы депутаттардын чечими менен болду. Жоопкерчилик баарыбызда. Эгер маселе ушунда чыкса каршы болгон депутаттар ушул чечимге кол койсун", - деди Айдарбеков.
10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттеги алты депутат макулдугун берип, төртөө каршы болгон. Комитет төрагасы Айдарбеков келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин айтып, муну тиешелүү документтерди көрбөгөнү менен түшүндүргөн.
15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултай өткөн. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын айткан.
18-октябрда оппозициялык Бириккен демократиялык кыймылы билдирүү таратып, Айдарбековго жана анын орун басарларына кысым көрсөтүлүп жатканын айтып чыккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Суу сактагычты сегиз адамдан турган кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы көзөмөлдөйт. Суунун деңгээлин 908 горизонталдан 900гө түшүрүүдө 1246 гектар жер бошоп, аны жергиликтүү тургундар колдонсо болорун кошумчалаган.(КЕ)