АКШнын Юстиция министрлиги Орусиянын Красноярск аймагынын губернатору Александр Усстун уулу Артём Италияда "санкциялардан качкан жана арам акчаны адалдаган" деген айып менен камакка алынганын билдирди.
Бул айып Артём Усстан тышкары дагы төрт орусиялык жана эки венесуэлалык мунай сатуучуга коюлган.
Министрликтин айтымында, орусиялыктар жасалма компаниялар жана криптовалюта аркылуу Венесуэладан мунай сатып алуу схемаларына катышкан. Алар Батыштан Орусияда сатууга тыюу салынган электрондук жабдыктарды жана аскердик технологияларды алууга да катышканы айтылат.
Усс жана дагы бир аты аталбаган орусиялык Италияда камакта. Вашингтон аларды АКШга экстрадициялоону талап кылууда.