Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Мелдешке хижабсыз катышкан спортчу кыз Тегеранга кайтып келди


Эльназ Рекаби мелдеш учурунда.
Эльназ Рекаби мелдеш учурунда.

Ирандык спортчу, Сеулда өткөн Азия чемпионатында аскага чыгуу боюнча мелдешке хижабсыз катышкан Эльназ Рекаби 19-октябрда Тегеранга кайтып келди. Аны аэропорттон көпчүлүк шаан-шөкөт менен тосуп алды.

Эльназ 16-октябрдагы мелдешке жоолугу жок катышкан. Ирандын талабы боюнча расмий түрдө өлкөнүн атынан мелдешкен спортчу кыздар хижаб кийүүгө тийиш.

Ал Инстаграмдагы баракчасына жоолугу жок мелдешкен себебин чемпионатка "шашылыш" чакырылганы менен түшүндүрдү. "Азаттыктын" Иран кызматы спортчу кыз билдирүүсүн басым алдында жазышы ыктымалдыгын тактоодо.

Тегеранга келгенден кийин бийликтер анын паспортун жана телефонун алып койгону кабарланууда. Социалдык тармакта спортчуну жоолуксуз мелдешкени үчүн камап коюушу ыктымалдыгы айтылып жатат.

Эльназ Рекаби Сеулдагы чемпионатта спорттун аскага чыгуу түрү боюнча төртүнчү орунду алды. 2016-жылы ал жоолук менен аскага чыгуу оор болорун айткан.

Рекаби — 1979-жылкы Иран ыңкылабынан берки жоолуксуз мелдешкен экинчи аял. 2019-жылы боксчу Садаф Хадем хижабсыз жана кыска шым менен рингге чыкканы үчүн Иран бийлиги аны камоону буйрук кылган. Боксчу мекенине кайтпай, Францияда калган.

Эльназ Рекабинин мелдеши Ирандагы массалык толкундоо учуруна туш келди. Иранда 16-сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган. Аялдар жана кыздар хижабдарын чечип ыргытып, чачтарын кырккан. Бийлик нааразылыкты күч менен баскан.

Iran Human Rights уюму билдиргендей, жалпы улуттук нааразылыктар учурунда өлгөндөрдүн саны 215 адамга жетти, арасында 27 бала бар.

XS
SM
MD
LG