Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:04

Сахаров сыйлыгы Украинанын элине ыйгарылды


Киевде тартылган сүрөт.
Киевде тартылган сүрөт.

Жыл сайын адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоочуларга ыйгарылуучу Европарламенттин Сахаров сыйлыгынын быйылкы лауреаты украин эли болду.

Европа парламенти 19-октябрдагы билдирүүсүндө сыйлык «эр жүрөк украиндерге» берилгенин белгилеп, алардын өкүлү катары президент Владимир Зеленскийди, Украинанын демократиялык жол менен шайланган лидерлерин жана жарандык коомун атады.

Советтик физик жана диссидент Андрей Сахаровдун ысымы менен аталган сыйлыкты 1988-жылы Европа парламенти адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин коргогон инсандарды, уюмдарды сыйлоо максатында түптөгөн.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында басып кирген. Дүйнө мамлекеттеринин көбү Москванын кадамын кескин сындап келүүдө.

XS
SM
MD
LG