Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Токаев: 50дөн ашык эл аралык компания Орусиядан Казакстанга көчтү


Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

Орусияда иш алып барган 50дөн ашык эл аралык компания Казакстанга көчүп өттү. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 19-октябрда Алматы облусунда коомчулук менен жолугушканда айтты. Мамлекет башчы аларды Алматыга жакын жерлерге жайгаштыруу аймактын экономикасына оң таасир берерин билдирип, инвесторлорго шарт түзүү керектигин белгиледи.

"Чет элдик өнөктөштөр менен товарларды тоскоолдуксуз жана үзгүлтүксүз алмашуу үчүн бул маселени азыртадан иштеп чыгуу керек", - деди Токаев.

Шаршемби күнкү Мажилистин жыйынында премьер-министр Алихан Смаилов 300 дүйнөлүк компания өндүрүштү жана кеңселерин Орусиядан Казакстанга көчүрүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында, өкмөт трансферди деталдуу изилдөө үчүн ири фирмалардын тизмесин түзгөн.

"Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө 56 компания иштөөгө даяр. Алар менен жер которуунун шарттары, убактысы жана орду боюнча олуттуу жумуштар жүрүп жатат", - деди премьер-министр.

Көчүп келген компаниялардын арасында Honeywell, inDriver, Fortescue, Marubeni жана башкалар бар.

Орусиялык күчтөр Украинага басып киргенден кийин миңден ашуун чет элдик компания Орусиядан чыгып кеткен. Алардын 320сы бул өлкөдөн толугу менен кеткенин жарыялаган. Starbucks жана McDonald's франшизаларын орусиялык ишкерлер сатып алып, атын өзгөртүшкөн.

Буга чейин Токаев өкмөткө орус рыногун таштап кеткен чет элдик компаниялардын Казакстанга көчүрүлүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG