Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:04

Путин аннексияланган аймактарга аскердик абал киргизди


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин аннексияланган төрт аймакта аскердик абал киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Өзүн "Донецк элдик республикасы", "Луганск элдик республикасы" деп жарыялаган облустарда, Запорожье жана Херсон облустарынын оккупацияланган аймактарына киргизилген аскердик абал канча убакытка созулары айтылган жок.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында видео байланыш аркылуу сүйлөгөн Путин бул аймактарда аскердик абал Орусияга кошулганга чейин эле күчүндө болгонун айтты.

"Эми бул режимди орус мыйзамдарынын алкагында расмийлештирүү керек", - деди ал.

Ошондой эле аннексияланган аймактардагы Орусия дайындаган жетекчилерге коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча ыйгарым укуктар берилерин билдирди.

Кремлдин сайтында жарыяланган жарлыкка ылайык, аскердик абал 20-октябрдан тартып күчүнө кирет.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарында 23-27-сентябрда жасалма референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланган. Москва бекиткен жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга “макул" болгонун маалымдады. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү бул аннексияны тааныбай турганын расмий билдирген. Украина өз аймактарын куралдуу жол менен кайтарып аларын жарыялаган.

Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.

XS
SM
MD
LG