Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Футболчу Карим Бензема "Алтын топко" ээ болду


Карим Бенземага "Алтын топ" сыйлыгын дүйнөлүк футболдун легендасы Зинедин Зидан тапшырды.
Карим Бенземага "Алтын топ" сыйлыгын дүйнөлүк футболдун легендасы Зинедин Зидан тапшырды.

Мадриддин "Реал" жана Франция курама командасынын чабуулчусу Карим Бензема 2021-2022 сезонунун жыйынтыгында "Алтын топту" жеңип алды. Франциянын France Football гезитинин сыйлыктарын тапшыруу аземи 18-октябрга караган түнү Парижде өттү.

Жылдын мыкты дарбазачысы үчүн Лев Яшин атындагы сыйлыкты Бенземанын командалашы, "Реалдын" дарбазачысы Тибо Куртуа алды.

Ошондой эле "Барселонанын" жарым коргоочусу Гави жылдын мыкты жаш оюнчусу аталды. Мурда "Баварияда" ойногон чабуулчу Роберт Левандовски мыкты чабуулчу болду.

"Барселонанын" жарым коргоочусу Алексиа Путеллас аялдар арасындагы "Алтын топту" экинчи жолу катары менен жеңип алды.

Англиялык "Манчестер Сити" сезондун мыкты командасы деп табылды.

Дүйнөдөгү эң атактуу футболчулардын бири Криштиану Роналду быйыл 20-орунду ээледи. ПСЖ чабуулчусу Лионель Месси быйыл талапкерлердин тизмесине кирген эмес.

Быйыл биринчи жолу "Алтын топ" календарлык жылда эмес, бир сезондогу көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча ыйгарылды.

XS
SM
MD
LG