Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:55

ӨКМ тик учактын ижарага берилгенин ырастады


Airbus H125 тик учагы. Август, 2022-жыл.
Airbus H125 тик учагы. Август, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) мекемеге таандык тик учактын ижарага берилиши боюнча түшүндүрмө берди. Министрликтин басма сөз катчысы Алим Токторов "Азаттыкка" билдиргендей, ӨКМ тик учакты коммерциялык максатта колдонууга укуктуу.

"Тик учактын ижара акысы саатына 2300 АКШ долларын түзөт. Ал камсыздандырылган. Мындан тышкары кокустук болуп, тик учактын кулашынан башка обьектилер жабыркачу болсо, алар дагы ушул камсыздандыруунун алкагында калыбына келтирилет", - деди мекеменинбасма сөз катчысы.

Токторовдун айтуусунда, тик учак техникалык талаптар боюнча мезгил-мезгили менен абага көтөрүлүп турушу керек. Ушундан улам министрлик аны коммерциялык максатта ижарага берип турууну чечкен.

17-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Азамат Арапбаев министрликтин тик учагы менен Чаткалга тойго барып келгени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жарыяланып, кызуу талкууланган. Бул боюнча "Политклиника" басылмасы фактчекинг кылып, иликтеген.

Басылма Flightradar24 учактарды байкоо сервисинин маалыматына таянып, EX-88010 номурлуу тик учак 16-октябрда Бишкектен саат 08:34тө чыгып, Чаткал районунун аймагына саат 10:44 чамаларында киргенин, кайра ошол эле күнү саат 18:00 чамасында артка учуп чыкканын жазган.

Арапбаевдин жакындары Фейсбукта жазганы боюнча экс-депутат тик учак менен тойго баруу үчүн ӨКМге төрт саатка 800 000 сом төлөгөн.

Бул боюнча Азамат Арапбаев өзү үн ката элек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине быйыл 13-августта атайын техника берилген. Алардын ичиндеги Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учакка EX-88010 борт номуру ыйгарылган. Президент Садыр Жапаров бул тик учак издөө, куткаруу жана байкоо иштерине мүмкүнчүлүк түзүп берерин айткан.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул тик учак "Еврокоптер Казахстан инжиниринг” компаниясынан 280 млн. сомго сатылып алынган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ага чейин өзүнүн тик учагы болгон эмес. 2004 жана 2007-жылдары эки тик учак Нарын тоолорунда альпинисттерди куткаруу иштери учурунда аварияга кабылган. Акыркы тик учагы эскилиги жеткендигине байланыштуу 2011-жылы колдонуудан алып салынган. Андан кийинки тоо-таштардагы куткаруу иштерин Коргоо министрлигинин тик учактарын жалдап аткарып келди. 2015-жылдын жайында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүгө Казакстандан тик учакты жардамга чакырууга мажбур болушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG