Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жыл башынан бери социалдык тармактардагы пикир ээлерине 23 кылмыш ишин козгогон.
Булардын ичинен үч кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин (КЖК) 278-беренеси ("Массалык башаламандыктарга чакырык"), 20 кылмыш иши КЖКнын 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен козголгон. 12 кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген.
Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда "Кылым шамы" уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова "Кыргызстанда массалык башаламандыкка чакырыктар жана араздашууну козутуу үчүн кылмыш куугунтугу: мыйзам жана укук колдонуу тажрыйбасы" деген аталыштагы тегерек үстөлдө билдирди.
"Бул беренелер боюнча айыпталган адам 3-8 жылга эркинен ажыратылат. Дагы бир маселе - экспертизанын жыйынтыгы. Быйылкы тогуз айда Юстиция министрлигинин алдындагы соттук-экспертизалык кызматы экстремизм-терроризмге, кандайдыр бир чакырыктарга байланыштуу беренелер менен козголгон кылмыш иштеринин негизинде 348 токтом чыгарган", - деди Абдирасулова.
Талкууга укук коргоочулар, соттор, прокуратура, милиция жана УКМКнын кызматкерлери, адвокаттар, эксперттер, журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.
Соңку жылдары Кыргызстанда блогерлер камалып, журналисттерге жана эркин медиага каршы козголгон кылмыш иштери бар. Өткөн жылы Freedom House уюму (FH) Кыргызстанды соңку 11 жылда биринчи жолу “эркин эмес” мамлекеттердин катарына кошту. Ушул жылдын 24-февралында чыккан “Дүйнөдөгү эркиндик-2022” баяндамасында Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыдан дагы бир упайга төмөндөгөн.(ZKo)