Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

УКМК: Баткенде Тажикстандан 2,75 млн доллар ташып келаткандар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде Тажикстандан аткезчилик жол менен ири суммада чет өлкөлүк валюта алып чыгууга шектелген төрт адам кармалганын 17-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 15-октябрда Баткен районунун Кара-Бак айылында болгон.

Аткезчилик менен алектенип жүргөн адам катары таанымал жергиликтүү тургундун машинасынан Тажикстандан ташылып келаткан деген 2 млн 750 миң доллар табылган.

Кылмышка шектүү катары жалпысынан төрт адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

УКМКнын Баткен боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин “Экономикалык контрабанда” беренесинин негизинде козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG