Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Москвада жарым-жартылай мобилизация аяктады


Мобилизацияга тартылгандар дарыгерлердин текшерүүсүндө. Москва, 3-октябрь, 2022-жыл
Мобилизацияга тартылгандар дарыгерлердин текшерүүсүндө. Москва, 3-октябрь, 2022-жыл

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин борбор калаада Украинадагы согушка жарым-жартылай мобилизация аяктаганын билдирди. Мэриянын сайтындагы маалыматка караганда, Москванын аскердик комиссары мобилизациянын максаттары аткарылганын айтты. Аскерге тартылгандардын пункттары дүйшөмбүдө жабылууда, буга чейин жөнөтүлгөн чакыруулар күчүн жоготот. Канча шаар тургуну мобилизацияланганын мэр тактаган жок.

Акыркы бир нече күндөн бери Москвада армияга чакыруу берүү үчүн жатаканаларда, метронун станцияларында полиция жана аскердик комиссариаттардын кызматкерлери рейддерди уюштуруп жатканы кабарланып келди. Бийлик андай маалыматтарды четке кагууда.

Орус парламентинин Федерация кеңешинин мүчөсү, таасирдүү депутат Андрей Клишас мындай кадамды катуу сындап, ага уруксат бергендерге чара көрүүгө чакырган.

Өткөн жума күнү президент Владимир Путин мобилизация эки жумада аяктоого тийиш экенин айткан. Бир нече региондун жетекчилери өнөктүк соңуна чыкканын буга чейин билдирген.

Путин мобилизацияны 21-сентябрда жарыялап, армияда кызмат өтөгөн жана тиешелүү тажрыйбасы бар адамдар тартыларын айткан. Бирок тажрыйбасыз, атайын даярдыктан өтпөгөн кишилер да майданга жөнөтүлгөн учурлар катталууда.

XS
SM
MD
LG