Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:27

Киев, Днепропетровск жана Одесса шаарлары кайрадан аткыланды


Киевдеги соккудан кийин. 17-октябрь, 2022-жыл
Киевдеги соккудан кийин. 17-октябрь, 2022-жыл

Дүйшөмбү күнү эртең менен Украинанын Киев, Днепропетровск жана Одесса шаарлары кайрадан аткыланды. Президент Владимир Зеленский жан кечти дрондордон урулган соккулар украиндерди "сындыра албайт" деп билдирди.

Башкалаа Киевдин мэри Виталий Кличко дүрмөттөр тийген турак жайлардан 18 киши куткарылганын, урандылар астында дагы бир нече тургун калганын Телеграм каналына жазды.

Орусия шаарларды, инфраструктураны, электрстанцияларын бутага алуу үчүн "жанкечти" дрондорду барган сайын көбүрөөк колдонууга киришти.

Днепропетровск шаарында 17-октябрда энергетикалык жайга болгон аба соккусунан кийин өрт тутанды.

Одессанын бийлиги дүйшөмбүнүн таңында Кара деңизден Орусиянын согуш учактары инфраструктурага ракета атканын билдирди.

10-октябрдан бери Орусия Киев жана башка ири шаарларга утур-утур сокку уруп келатат. Ал күнү башкалаада 19 киши каза тапкан.

Ал ортодо Донбасста жана Херсон облусунда салгылашуулар уланууда.

Украин бийлиги Соледар жана Бахмут шаарлары кармаштардын чордонунда болуп келатканын маалымдады.

Британиянын Коргоо министрлиги күндөлүк бюллетенинде Орусия Крым көпүрөсүн калыбына келтирүүдө логистикалык кыйынчылыктарга туш болгонун жазды.

аннексияланган Крым жарым аралы менен байланыштырган көпүрө 8-октябрда жардырылган.

XS
SM
MD
LG