Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Садыр Жапаров шахтадагы кырсыкка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты


Режеп Тайып Эрдоган жана Садыр Жапаров.
Режеп Тайып Эрдоган жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Бартын провинциясынын көмүр шахтасындагы жарылууда жумушчулардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

"Көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат көңүл айтуу катында.

14-октябрдын кечинде Түркиянын Бартын шаарындагы көмүр шахтада жарылуудан 40 киши каза болгон. Ички иштер министри Сулейман Сойлу анда жалпысынан 110 кенчи болгонун, жарылуудан кийин 58и куткарылганын билдирген.

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез жарылуу шахтадагы өрттөн улам болгонун билдирди.

Бартын шаары Түркиянын баш калаасы Анкарадан 328 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Түркияда буга чейин көмүр кенинде чыккан эң чоң кырсык 2014-жылы катталган. Анда Сома аймагындагы шахтада жарылуу болуп, 301 кенчи каза тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG