Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

Запорожьедеги ракеталык аткылоодон 30дан ашык үй жабыркады


Запорожье С-300 ракеталык аткылоодон кийин. 6-октябрь, 2022
Запорожье С-300 ракеталык аткылоодон кийин. 6-октябрь, 2022

15-октябрда Запорожьеге камикадзе-дрондор жана ракеталар менен чабуул жасалды. Шаарда өрт чыгып, инфраструктуралык объектилер жана 30дан ашык турак жай зыян тартты. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Бул тууралуу жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү билдирди. Алар кол салуулар үчүн Орусияны айыпташууда.

15-октябрга караган түнү ирандык Shahed-136 учкучсуз учуучу камикадзелери Запорожьеге төрт жолу сокку урду, эртең менен шаарга дагы он даана С-300 ракетасы атылган. Бул тууралуу Запорожье облусунун башчысы Александр Старух билдирди. Мындан бир нече энергетикалык жана өнөр жай инфрастүзүмдөрү жарым-жартылай талкаланды. 21 көп кабаттуу үй, 15 жеке турак жай, билим берүү мекемеси жана унаа токточуучу жай жабыркады. Бул тууралуу Запорожья шаардык кеңинин катчысы Анатолий Куртев билдирди.

Украина 24-февралда басып кирген орус күчтөрүнө каршы чабуул коюуга сентябрь айында киришкен. Ушундан кийин 4-октябрда орус президенти Владимир Путин жасалма референдумдарга шилтеме кылып Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустары Орусиянын курамына кошулганы тууралуу эл аралык коомчулук тааныбаган мыйзамга кол койгон. Бирок Орусия бул төрт облустун бирин да толук көзөмөлдөбөйт. Запорожье облусунун 30%, анын ичинде Запорожье шаары азыр Украинанын көзөмөлүндө турат.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны жапырт аткылоо Крым көпүрөсүндөгү жарылуу үчүн "жооп" экенин белгилеген. Ал Орусиянын аймагында теракттарды уюштуруу аракети болсо, “жооп мындан да катуу болорун” эскертти.

Путин үчүн символикалык мааниге ээ деп саналган Крым көпүрөсүндөгү жарылуу 8-октябрда болгон. Ал үчүн украин бийлиги түз жоопкерчилик алган эмес.

XS
SM
MD
LG