Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Бажы кызматы Пакистандан мыйзамсыз учак алып келинген фактыны тапты


Кыргызстанга Пакистандан учакты мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталганын Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 14-декабрында Рахимярхан (Пакистан) – Бишкек каттамы боюнча Кыргызстандын аймагына "В" компаниясына таандык ИЛ-76 аба учагы келгени аныкталган.

Бажы кызматы маалыматта компаниянын аты өзгөртүлүп берилгенин жазды.

Учак Кыргызстандын улуттук каттоо белгисин ыйгаруу менен жарандык авиация органдарында катталган жана жарандык аба учактарынын реестрине киргизилген. Бажы операциялары жана башка бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жүргүзүлгөн эмес. Жыйынтыгында мамлекетке 10 млн. 637 983 сом зыян келтирилген.

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, аба учагы өлкө аймагына келгенден кийин андан ары белгилүү бир бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу менен бажы операцияларын өткөрүү каралган.

Бул иш-чаралар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган текшерүү иш-чаралары жүргүзүлгөн маалда аныкталган.

Факт боюнча материалдар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстанда каттоодон өткөн учактардын көбү бузулуп, үчтөн бири гана колдонууга жарайт. Авиакомпанияларды Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыгаруу кечигүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG