Кытай менен АКШ Борбор Азияда Орусия калтырган боштукту толтуруу аракетинде. Мобилизациядан улам Казакстанга качкан орус жарандары батир табууда кыйналууда. Миллиардер Илон Маск Украинада Starlink спутник байланышын каржылай албаганын айтып, Пентагонго кайрылганы айтылды.
The New York Times гезити Украинадагы согушка баткан Кремлдин эски советтик империясындагы үстөмдүгү алсырап баратканын талдаган макала чыгарды. Басылманын кабарчысы Эндрю Хиггинс кыргыз-тажик чек арасында сентябрда болгон куралдуу кагылышууну сүрөттөп, СССР кулагандан бери ал аймакта мындай кан төгүү болбогонун, Орусия жетектеген аскердик альянс – ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюму) жаңжалды токтотуу үчүн аракет көрбөгөнүн белгилейт. Гезитке берген маегинде президент Садыр Жапаров муну Москванын көңүл борборунда Украина турганы менен түшүндүргөн.
Андан ары Орусия калтырган боштукту Кытай жана АКШ толтурууга аракеттенгени, Вашингтон 2014-жылы Бишкек денонсациялаган эки тараптуу келишимге кол коюуну көздөгөнү баяндалат.
Кабарчы сөзгө тарткан кыргызстандык эксперт Асел Дөөлөткелдиеванын айтымында, салттуу түрдө Орусия аймактагы коопсуздук, Кытай экономика үчүн жооп берчү. Бирок Москва өз милдетин аткарбай калды, аймакты коргоого кудурети да, каалоосу да жок экенин көргөздү.
Муну менен бирге журналист Орусиянын Борбор Азияда кыймылдаткычтары (рычагдары) дагы көп экенине басым жасайт. Мисалы, Тажикстанда чет жактардагы эң ири аскердик базасы жайгашкан, чаканыраагы Кыргызстанда орун алган. Анын үстүнө Кыргызстан энергия, мигранттар салган акча жагынан Орусияга көз каранды.
Хиггинс кыргыз президенти муну билип туруп Вашингтон менен жаңы келишимге кол коюуга шашылбаганын жазат. Андай кадам, Жапаровдун айтымында, Москвада “артынан сайган бычактай кабыл алынмак, ал да туура”.
Ал эми Eurasianet сайтынын редактору Питер Леонард Орусиянын көңүл борборунда азыр, албетте, башка маселелер турганын, бирок каалаган учурда мигранттардын жашоосун кыйындаткан мыйзамды бир заматта кабыл алып кое алат деп эсептейт.
Хиггинс бир нече лидердин, арасында Жапаровдун Путинди күттүрүп койгонун эске салды. Кыргыз президенти аны атайлап кылбаганын айтат.
Буга байланыштуу саясат изилдөөчү Эмил Жороевдин “Путин бардыгы жолугушууну каалаган жеңилгис лидер болбой калды” деген сөздөрүнө шилтеме кылат.
"Тескерисинче, Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин барган сайын тайманбас болуп баратат. Алсак, Казакстандагы сапары маалында ал өлкөнүн суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн коргоодо колдоосун билдирген. Эксперттер муну Москвага ишарат деп чечмелешет", - деп жазат гезит.
Андан тышкары журналист “тажик аскерлери чек арада алга жылгандан кийин Кытай Кыргызстанга ушул өңдүү убада бергенин”, Бээжин Кыргызстан жана Өзбекстан менен жаңы темир жол долбооруна кол койгонун эске салат.
"Казакстанды орустарды жериген өлкө деп сүрөттөшөт"
Deutsche welle Орусияда мобилизация башталгандан бери Казакстанга агылган орусиялыктар кандай кыйынчылыктарга туш болгонун, жаңы жерде кантип жайгашып жатканын, аларды жергиликтүү эл кандай тосуп алганын билүү үчүн айрымдарын сөзгө тарткан. Казак чек ара кызматынын маалыматына караганда, ушу тапта күнүнө 4-5 миң орус жараны келүүдө. Мобилизация башталган күндөрү бул саны 10 миңге жетип турду.
Журналист Анатолий Вайскопф өз репортажын орусиялыктарга жардам берген борборлордон баштаган. Асыресе казак бийлиги ири шаарларда Калкты тейлөө борборлорун түзүлгөн. Ал жакта чет өлкөлүк жарандар жеке номурду алып, анын жардамы менен түрдүү кызматтарга, иш табууга жол ачылат.
Макалада белгиленгендей, мобилизациядан качкан жарандар Орусия менен чектеш шаарларда калгысы келбейт. Кээ бирлери Казакстандан башка өлкөлөргө бет алууну көздөйт. Алардын бири, Владислав Кремль Казакстанга кысым жасап келатканын, келечекте ал өлкөдө абал кандай болорун билбегендиктен, Сербияга барууну көздөгөнүн айтып берген.
Ал эми кошуна өлкөдө калгандар Астана, Караганды, Чымкентте жумуш табууга аракеттенишет. Бирок алар эң ыңгайлуу деп Алматыны аташат.
Журналист орус жарандары жазышкан чаттардагы маалыматка таянып ушундай жыйынтыкка келген.
Мисалы, Тюменден күйөөсү менен келген Альбина Бондаренко ал калааны Питер, Сочи менен салыштырып, жогорку инфраструктурасын, санариптештирүү деңгээлин, элдин мамилесин баалаганын айтат.
Келиндин айтымында, Казакстанга баруудан адегенде коркушкан, себеби орус маалымат каражаттарында акыркы кездерде ал орустарды жаман көргөн, жериген өлкө катары сүрөттөлүүдө. Эми Казакстан жана казактар тууралуу ою толук өзгөрүптүр.
Кабарчы орусиялыктарга чамасына чак келген турак жай табуу өтө кыйын деп белгилейт. Суроо-талап жогорулаганда батир ээлери да бааларды көтөрүп жиберди. Андыктан айрымдары Калкты тейлөө борборлорунда же башка атайлап түзүлгөн жерлерде башкалкалоого аргасыз. Дагы бирөөлөр хостелдерде жашап келатат.
Муну менен бирге келгиндерге нааразы болгондор да жок эмес. Батирлердин акысы көтөрүлгөндөн тышкары орусиялыктардын дүкөндөрдө толтура тамак-аш сатып алгандарын жактырбагандар бар, бирок эң көп доомат шарттарга даттанып, Казакстан Орусиянын курамында болсо кандай болот эле деп талдаган видео, постторго артылып келет.
Масктын Украинадагы оюну
Бир катар маалымат каражаттары америкалык миллиардер Илон Масктын SpaceX компаниясы мындан ары Украинада Starlink спутник байланышын каржылай албаганын айтып, Пентагонго кайрылганын жазышты. Биринчи болуп мындай кабарды CNN тараткан. SpaceX жыл аягына чейин спутниктердин жабдууларын жеткирүүгө 124 миллион доллар короторун, эмки жылы чыгым 400 миллиондун айланасында болот деп болжолдогонун билдирген. Маалыматка караганда, Starlink украин аскерлеринин байланышын камсыздап келатат. Ушул тушка чейин өлкө 20 миңдей ошондой сателлит алган.
CNN жазганына караганда, АКШнын Коргоо министрлигине тиешелүү кат 8-сентябрда жөнөтүлгөн. Анда чыгымдын бир бөлүгүн Британия, АКШ жана Польша жапканы айтылган. Мисалы, USAID 3 миллион доллар жолдогон. Телеканал Пентагондун өкүлүнө таянып, министрлик украин куралдуу күчтөрүнө кырдаалдан чыгуу жолдорун табууга көмөктөшүүнүн үстүнөн иштеп жатканын маалымдады.
Financial Times британиялык саясатчы Крис Брайнт парламентте Илон Маскка санкция салууну караштыруу учуру келиши мүмкүн деп айтканын жазат. Саясатчы миллиардердин украин согушунда кош оюн ойноп жатканынан шектенет. Эмне дегенде ал бир нече күн мурун Крымга байланыштуу Путиндин ойлоруна үндөш идеяларын ортого салган. Эми болсо спутниктерге байланышкан маселе келип чыкты. Өткөн айда Маск Starlink жалаң тынч максаттарда колдонуу үчүн каралганын Твиттерге жазган.
Гезит бул жерде компания сателлиттерди НАТОго сатып келатканын белгилейт. Андан ары айтылгандай, сентябрдын этегинде спутниктердин терминалдары Путин аннексиялап алдым деген аймактарда чала иштеп калган. Украин аткаминерлери бул жагдай аскерлерди кыйын абалга кептегенин айтышса, байкоочулар компания атайлап бут тоскон жокпу деген собол салышат. Мындан тышкары орусиялык алып баруучу, пропаганданын булбулу атыккан Владимир Соловьев Маск сателлитерине сокку урулбасын деп орусиячыл позицияны ээлегенин билдирди.
Автор ишкердин командасына кайрылганын, бирок жооп ала албаганын кошумчалайт.
"Америкалык саясатчылар каалаганын кылган эрке миллиардерге социалдык тармактардан тартып согушка чейин таасир этүүсүнө качанкыга чейин жол берер экен", - деп жазат Financial Times.