Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

Factcheck.kg: ЖМК жөнүндө мыйзам Орусиядан көчүрүлгөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Factcheck.kg сайты президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамы дээрлик толугу менен Орусиянын ушундай эле мыйзамынын көчүрмөсү экенин жазды. Аталган редакция тексттин уникалдуулугун текшере турган кызматты колдонуп, эки мыйзамдагы окшоштук 66 пайыздан 100% чейин түзөрүн белгилеген.

"Документте кезиккен 53 беренеде окшоштук 66%дан 100%га чейин түзгөн. Белгилей кетүүчү жагдай, айрым гана беренелерде окшоштук салыштырмалуу аз болгон: №1 – 66%, №33 – 65%, №4 – 71%. Калгандарында айырмачылык “Российская Федерация” дегендин ордуна “Кыргыз Республикасы” деген жазууда гана болгон", - деп жазды Factcheck.kg.

Аталган басылма жазгандай, айрым беренелерде биринчи сүйлөмда гана айырмачылык бар. Экинчи жана үчүнчү пункттары президенттик администрация сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда дээрлик толугу менен кездешет.

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” (ЖМК) жаңы мыйзам кабыл алуу сунушталып, ал сентябрдын соңунда коомдук талкууга чыгарылган. Анда азыркы мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү, санариптеги, анын ичинде Интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин, жалпыга маалымдоо каражаттары тармагындагы бизнес жана экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, эл аралык укуктук жагдайларды эске алуу зарылчылыгынан улам жаңы мыйзам кабыл алынышы керектиги белгиленген

Долбоордун концепциясында жазылгандай, Интернет телекоммуникациялык түйүнүнө жалпыга маалымдоо каражаты деген макам ыйгарылып, азыркы мыйзамдын түшүнүк аппараты радикалдуу түрдө кайра каралып чыгууда, ЖМК ээси деген укуктук институт киргизилип жатат. Медиа эксперттер жана юристтер долбоор Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектеп, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө дээрлик мүмкүн болбой кала турган жагдайга алып келерин айтып чыгышкан эле.

ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. 2021-жылдын январь айындагы референдумдан кийин Кыргызстанда жаңы Конституция иштеп баштаган.

Мыйзамдын жаңы долбоорун президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү иштеп чыкканын “Кабар” маалымат агенттиги билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG