Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу болот


Астана.
Астана.

Казакстандын борбору Астана шаарында эртең, 13-октябрда Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген орус мамлекет башчысы Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

12-14-октябрда Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-октябрда Казакстанга барды.

Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу болот.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган.

Дүйшөмбү кайра айыпты Бишкекке оодарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG