Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Евробиримдик аннексияланган аймактардагы Орусия паспортун тааныбайт


Шенген визасын алган орусиялыктардын паспорту. Иллюстрация сүрөт.
Шенген визасын алган орусиялыктардын паспорту. Иллюстрация сүрөт.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Орусия аннексиялап алган Украинанын чыгышындагы Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарында жана Грузиянын аймагындагы Түштүк Осетияда берген паспортторду тааныбайт. Бул тууралуу Европа Кеңешинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул аймактарда жалпы жарандык паспорт алган жарандар Шенген визасын же, улуттук визаларды алган учурда Евробиримдикке кире албайт. Мындай паспортторго жаңы визалар эми басылбайт.

Чехиянын ички иштер министри Вит Ракушан бул чечим Орусиянын Украинага жасаган агрессиясына жана анын аймактарын аннексиялап алганына жооп катары кабыл алынганын айтты. Бул жылы Евробиримдикте Чехия төрагалык кылып жатат.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге 30-сентябрда кол коюшкан.

Украинанын орус күчтөрү басып алган аталган аймактарында 23-27-сентябрда жасалма референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланган. Москва бекиткен жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга “макул” болгонун маалымдашкан.

Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын кайталады. Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда, бул аннексияны тааныбай турганын, Путиндин кадамы мындан аркы сүйлөшүүлөргө чекит коёрун айтты.

Дүйнөнүн көп өлкөлөрү жана Бириккен Улуттар Уюму бул жалган референдумдарды жана аннексияны тааныган жок. Түндүк Корея гана бул аймактарды Орусияныкы деп тааныды. (ErN)

XS
SM
MD
LG