Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:51

Чек ара жаңжалында үйсүз калгандарга ижара үчүн 200 миң сомдон берилет


Баткенде окуяда өрттөлүп, талкаланган үй. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Баткенде окуяда өрттөлүп, талкаланган үй. Ак-Сай айылы, Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үй-жайынан ажыраган Баткен облусунун тургундарына убактылуу батир ижарасы үчүн 200 миң сомдон берилет.

Ал атайын эсепке түшкөн каражаттан алына турганын финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бүгүн, 12-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

"Жалпы 420 үй-бүлө деп эсептелген. Буларга убактылуу жашоочу турак жай ижарасынын акысына жалпы 49,6 млн. сом бөлүндү. Ал эми жаңжалда жабыркагандар үчүн берилүүчү кенемте өзүнчө каралган".

Дүйшееванын айтуусунда, куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд. сом бөлүнгөн.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке жалпы 320 млн. сом чогулган. Бул эсеп элдин демилгеси менен түзүлүп, элден, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которушкан.

Баткендеги соңку каргашада 661 үй жабыркаган, анын 423ү жашоого жараксыз, 238и оңдоп-түздөөгө муктаж экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болушкан. Учурда алардын 6 миңдейи үйлөрүнө кайтып бара элек.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган.

Дүйшөмбү кайра Бишкекти айыптаган. Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG