Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Жасалма акча сатууга шек саналган эки жаран кармалды


Жасалма долларлар. УКМКнын сүрөтү. Бишкек. 12-октябрь, 2022-жыл.
Жасалма долларлар. УКМКнын сүрөтү. Бишкек. 12-октябрь, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акчаны сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар кармалганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүүлөр ал акчага криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөшкөн.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси ("Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо") боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Быйыл жазында АКШ долларына суроо-талап кескин күчөгөн кезде валюта рыногунда жасалма банкноттор пайда болуп жатканын Улуттук банк маалымдаган.

Улуттук банк чет өлкөнүн валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл экени белгиленген.

Жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык кылмыш болуп саналат. Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертизаны Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы жүргүзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG