Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:18

"Акнет" иши боюнча сотто айыпталуучулардын бири көрсөтмөсүн өзгөрттү


Кубан Ажумидинов, "Акнеттин" негиздөөчүсү.
Кубан Ажумидинов, "Акнеттин" негиздөөчүсү.

"Акнет" интернет провайдери боюнча мекеменин мурдагы эсепчи-кассири Ирина Лященко тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн баш тартты. Ал "Акнеттин" негиздөөчүсү Кубан Ажимудиновго каршы басым астында көрсөтмө бергенин 11-октябрда Биринчи май райондук соттогу отурумда айтты.

Сот Адылбек Эсенбаев айыпталуучунун 2019-жылы берген көрсөтмөлөрүнүн айрымдарын окуп берди. Ага ылайык, Лященко "Акнет" компаниясында көмүскө эсеп жүргүзүлүп, алар отчеттук документтерде чагылдырбай келгенин айтып, тергөөнүн кагаздарына кол коюп берген.

Лященко тергөөдө кыйноого туш болбогонун, бирок тергөөчүлөр "ыңгайлуу көрсөтмө берсе, тергөө абагынан чыгарып, коюлган айыптар өзгөрөрүн" убада кылышканын, жыйынтыгында тергөө абагында 1 жыл 8 ай отурганын билдирди.

"Акнет" интернет операторуна байланыштуу кылмыш иштерин кароо 2018-жылдан бери уланып келет. 2019-жылдын май айында компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири жана ошол кездеги президенти Кубан Ажимудинов камакка алынган. Финполиция компания "ири көлөмдөгү салыктан качкан" деп жарыялап, Ажимудиновго 150 млн. сом төлөттүргөн. Бирок иш кийин Ички иштер министрлигине өтүп, ал жакта "жашырылган салыктар 616 млн. сомду түзөрү" кабарланган.

Кубан Ажимудинов өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун айланасындагы адамдар жана башка кызыкдар тараптар компанияны тартып алуу аракетин көрүп жатканын билдирип келет. Адвокаттары ишкердин абакта 3,5 жылдан бери мыйзамсыз отурганын жана ага тагылган айыптардын жасалма экенин билдиришүүдө.(KbA/ZKo)

XS
SM
MD
LG