Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

"Эркин-Тоо" басылмасынын баш редактору алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 10-октябрдагы жарлыгына ылайык, "Эркин Тоо" гезитинин мурдагы баш редактору Бахпурбек Аленов өз каалоосу менен кызматтан бошотулду. Жапаров дагы бир жарлыгы менен басылманын баш редакторлугуна Наралы Асанбаевди дайындады.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, 1991-жылы, 3-июлда "Эркин Тоо" деген аталыш менен Кыргызстанда дагы бир расмий гезит ачылган. Басылмада негизинен Кыргызстандын мыйзамдары жана башка расмий кагаздары жарыяланып келет. Учурда "Эркин Тоо" гезити - Министрлер кабинетине таандык.

Кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезит алгач "Эркин Тоо" деп аталган. Анын алгачкы саны 1924-жылы, 7-ноябрда Ташкентте жарык көргөн. Кийинчерээк гезит "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан" деп өзгөртүлгөн. Учурда "Кыргыз туусу" деп аталышта чыгып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG