Акыркы беш жылда уу калдыктары сакталган жайлар боюнча тоо-кен ишканалары текшерилип, мыйзам бузуулар боюнча 58 протокол түзүлдү. Алардан 305 миң сом айып өндүрүлгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 10-октябрдагы жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Анын белгилешинче, Кыргызстанда 103 калдык сактоочу жай бар, анын 66сы радиоактивдүү, 37си уулуу калдыктар. Министр учурда тоо-кен калдыктарын кайра иштетүү багытында техникалык жана укуктук маселелерди чечүү үчүн иштер жүрүп жатканын кошумчалады.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Кыргызстан боюнча кен казган ишканалардын калдыктарды сактоочу жайларынын экологиялык абалы тууралуу маселени карады.
Депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай калдык сактоочу жайын рекультивациялоо боюнча долбоордун үчүнчү этабын бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү бул этап эки жылдын ичинде ишке аша турганын айтты.
2019-жылы Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. 2021-жылы сентябрда уран жана торийди иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыккан. Депутаттар уран менен торийди иштетүүгө уруксат берүү зарыл деген маселе көтөрүштү.
"Кен байлыктар боюнча саясий чечимдерге макул дейли. Уран менен торийди иштете бербейлиби. Ушул багытта мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү чогуу киргизели. Экономикага пайда алып келели", - деди Түлөбаев.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан 92 уу калдык сактоочу жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт. (КЕ)