Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Пригожин “Вагнер” тобундагылар же пенсияга кетерин, же өлүп чыгарын билдирди


Евгений Пригожин.
Евгений Пригожин.

Социалдык түйүндөрдө “Вагнердин жеке аскердик компаниясынын” негиздөөчүлөрүнүн бири Евгений Пригожиндин Украинадагы согушка катышкан орусиялык соттолуучулар менен сүйлөшүп жатканы тартылган видео тарады. Пригожиндин төрт маектешинин тең бир буту же колу жок экени көрүнүп турат.

Baza басылмасы келтиргендей, камакта жаткандар согушка барганы үчүн ырайым алышкан. Пригожин менен сүйлөшүп жаткандардын бири оор кылмыш үчүн 23 жылга соттолгонун, жазасынын болгону 10 жылын өтөгөнүн билдирген.

Евгений Пригожин видеодо аны “мурда кылмышкер болгонун, азыр болсо согуштун баатыры болгонун” айтып, жубаткан. Видеодо эки соттолуучу буту-колун протез кылгандан кийин кайра “Вагнер” тобуна кайтып келерин кеп кылышкан. Пригожин бул компанияга киргендер “же улгайып, пенсияга чыгып кетерин, же өлүп, чиркөөдө табыт менен чыгып кетерин” айтты.

Украинадагы кармашта Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин түйүндөрдө “Вагнердин жеке аскердик компаниясы” абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаган. Соттолуучуларды азгыруу иштерин Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жаткан. Согушка катышууга макул болгон соттолуучулар алты ай алдыңкы сапта жүрүшү керек. Аларга чегинүүгө жана туткунга түшүүгө тыюу салынган. Жарым жылдан соң аман калгандарга ырайым берүүнү убада кылышкан.

Мурдараак интернетте Пригожин абакта сүйлөп жаткан видеосу да тараган. "Важные истории" басылмасы сентябрда кабарлагандай, “Вагнер” тобу ушул маалга чейин 6 миңдей соттолуучуну согушка тарткан.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгып жүрөт.

“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” - Вагнердин жеке аскердик компаниясы) – компаниясы орусиялык бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгып жүрөт. Топтун жоокерлери бир катар аскердик кылмыштарга шектелип келет. “Вагнер” тобунун негиздөөчүсү жана демөөрчүсү олигарх Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган. Соңку мезгилде ал Коргоо министрлигинин жогорку жетекчиликтери Украинадагы согушта утулуп жатканы үчүн коомчулук алдында ачык сындап келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG