Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

Баткенде алты миңден ашуун тургун үйлөрүнө кайта элек


16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта эвакуация болгон жарандар.
16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта эвакуация болгон жарандар.

Баткенде чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон 6 миңден ашуун киши үйүнө кайта элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин 10-октябрда тараткан маалыматында эвакуация болгон 137 миңдей кишинин көбү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтып барганы айтылды.

Бүгүнкү күндө убактылуу кабыл алуу жайларында 1145 жаран жайгашкан. Алардын 13ү Ош шаарында, 17си Жалал-Абад облунда, 59у Ысык-Көл облусунда, 838 киши Чүйдө, 218и Баткен облусунда. Жарандардын үйлөрүндө 4975 киши убактылуу баш калкалап жатат.

Облус боюнча кыргыз-тажик чек арасында соңку куралдуу кагылышта талкаланган 372 турак үй бузулуп, урандылардан тазаланды.


16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200дөн ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 6-октябрдагы маалыматына караганда, соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү кылган жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG