Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Путин Крым көпүрөсүндөгү жардыруу үчүн Украинаны айыптады


Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийинки көрүнүш, 8-октябрь 2022-жыл.
Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийинки көрүнүш, 8-октябрь 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын атайын кызматын "8-октябрда болгон Крым (Керчь) көпүрөсүндөгү жардырууну уюштурган" деп айыптады.

Орусиялык телеканалдар жекшемби күнү кечинде Путиндин Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин менен жолугушуусунун кадрларын көрсөтүштү. Анда жардырууга Украинанын атайын кызматтары гана эмес, Орусиянын жана чет өлкөлөрдүн айрым жарандары да катышканы айтылат.

Бастрыкиндин айтымында, жардыруу боюнча "терроризм" беренеси менен иш козголуп, Федаралдык коопсуздук кызматы (ФСБ) бул ишке тиешеси барларды аныктады. Путин Крым көпүрөсүнүн жардырылышын “олуттуу инфраструктураны жок кылууга багытталган теракт” деп атады.

"Авторлор, аткаруучулар, кардарлар - Украинанын атайын кызматтары", - деди Путин.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге комментарий берип жатып, Крым көпүрөсүндөгү жардыруу орусиялык өзөктүк доктринаны колдонуу мүмкүнчүлүгүнө туш келеби деген суроону “маселенин такыр туура эмес коюлушу” деп атады. Анда Орусия маанилүү инфраструктура кыйраган учурда өзөктүк куралды колдоно ала турганы айтылат, бирок бул объекттер жооп иретинде өзөктүк сокку уруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен байланыштырылышы керек деп эскертет.

Бир катар Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, анын ичинде АКШ президенти Жо Байден жакында Орусия Украинага каршы өзөктүк курал колдонушу мүмкүн деп кооптонушууда.

Дүйшөмбү күнү Владимир Путин Коопсуздук кеңешининин жыйынын өткөрөрү белгиленген. Жекшембинин кечинде Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев Крым көпүрөсүн жырдаруунун жообу "террористтерди түздөн түз жок кылуу болушу мүмкүн" экенин айтып, "бул дүйнөдө ушундай" деп белгилеп, "Орусиянын калкы ушуну күтүп жатат" деп кошумчалады.

8-октябрда Керч кысыгындагы көпүрөдө жарылуу болгон. Автоунаалар жүргөн жолдун бир жак тарабындагы бир нече метрлик тилке талкаланып, сууга түшкөн жана поезд жүрүүчү жол да жабыркаган. Кийин автомобилдик жолдун бир тарабы да, темир жол да кайра иштей баштаганы кабарланды. .

Узундугу 19 чакырымдык көпүрө Орусиянын аймагын Крым жарым аралы менен байланыштырып турат. Украинанын аймагы саналган Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган согушта көпүрө орус аскерлерин камсыздоочу негизги жолдордун бири болууда.

Көпүрөдө баратып жарылган оор жүк ташуучу машина Орусиянын аймагынан киргени аныкталды.

XS
SM
MD
LG