Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Ван дер Беллен Австриянын президенти болуп кайра шайланды


Александр Ван дер Беллен.
Александр Ван дер Беллен.

Австрияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо Александр Ван дер Беллен жеңишке жетти. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 54 пайыздан ашуун добушун алган. Ал экинчи жолу алты жылдык мөөнөт менен президенттикке шайланды.

Беллендин негизги атаандашы, ашынган оңчул "Эркиндик" партиясынын өкүлү Вальтер Розенкранц 19 пайызга жакын добушка ээ болгон.

Ван дер Беллен Австриянын "Жашылдар" партиясынын мурдагы жетекчиси. Алты жыл мурун ал саясий күрөштө “Эркиндик” партиясынын талапкери менен менен атаандаш болуп, президент болуп шайланган. Анда соттун чечими менен экинчи жолу добуш берүү уюштурулуп, талапкерлердин ортосундагы айырма абдан аз болгон.

Бул жолу анын талапкерлигин дээрлик бардык алдыңкы делген, мисалы башкаруучу Элдик жана оппозициялык социал-демократтар партиялары колдоду. Алар өз талапкерлерин алып чыгышкан эмес.

Учурда 78 жаштагы президент өлкөдөгү саясий кризистер, анын ичинде мурдагы канцлер Себастьян Курцка байланыштуу чуулуу окуяда тең салмактуу позициясынын аркасында коомдо чоң популярдуулукка ээ болду. Ван дер Беллен Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинага басып киргени үчүн сындап келген.

Конституцияга ылайык, президент бир топ ыйгарым укуктарга ээ, бирок ал канцлердин жана аткаруу бийлигинин ишине кийлигишпейт.

XS
SM
MD
LG