Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:30

Президент төрт министрди дайындоо боюнча жарлыкка кол койду


Тилек Текебаев, Уланбек Мамбетакунов, Таалайбек Ибраев жана Алтынбек Максутов.
Тилек Текебаев, Уланбек Мамбетакунов, Таалайбек Ибраев жана Алтынбек Максутов.

Президент Садыр Жапаров Тилек Текебаевди транспорт жана коммуникациялар министри, Алтынбек Максутовду маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Уланбек Мамбетакуновду билим берүү жана илим министри, Таалайбек Ибраевди энергетика министри кылып дайындады. Мамлекет башчы буга байланыштуу жарлыкка бүгүн, 7-октябрда кол койду.

Жогорку Кеңеш 6-октябрда сунушталган талапкерлердин маалыматын угуп, аларды кызматка дайындоого макулдук берген.

Президент Садыр Жапаров 3-октябрда төрт министрди кызматтан бошоткон. Президенттин басма сөз кызматы транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов берген арызына ылайык ээлеген кызматынан алынганын билдирген.

28-сентябрда билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шек саналып кармалган. Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген негизде эки кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG