Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:43

Милиция орус элчилигинин алдына акцияга чыккан активисттерди коё берди


Бишкектин Биринчи май райондук милициясы орус элчилигинин астына тынч митингге чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров жана ага тилектештик билдирген Өмүрбек Кангелдиевди бошотту.

Бул тууралуу Токтонасыров “Азаттыкка” өзү билдирди. Милиция кармалган активисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айып таккан эмес.

Активисттер менен чогуу кармалган Орусиянын жараны Владимир Кайдановичти сотко алып кеткенин адвокат Бакыт Автандил Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 7-октябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына тынч митингге чыккан.

Ал Украинадагы согушту токтотууну талап кылып, “Таш менен урганды аш менен ур” деген жазуусу бар плакат, бир табак аш жана бир табак таш алып келген.

Көп өтпөй Токтонасыровду жана ага тилектештигин билдирип чыккан эки адамды милиция кызматкерлери алып кеткен.

ИИМ бул боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин соттун чечими менен Бишкекте айрым мекемелердин алдында 1-декабрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынган. Ага ылайык нааразылык акцияларын Максим Горький атындагы гүлбакта гана өткөрүүгө уруксат берилген. Мындан кийин жарандык коомдук өкүлдөрү, укук коргоочулар жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова тынч жыйындарга тыюу салуу Конституцияга каршы келерин эскерткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG