Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

Крым-татарлары Украинанын Казакстандагы элчилигинен паспорт алууну көздөйт


Украин элчилиги алдына чогулгандар. Астана. 3-октябрь, 2022-жыл
Украин элчилиги алдына чогулгандар. Астана. 3-октябрь, 2022-жыл

Орусия аркылуу Крымдан Астанага келген жүздөгөн киши, көбү крым- татарлары Украинанын Казакстандагы элчилигинин алдына топтолушту. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак редакциясынын кабарчысы билдирди. Маалыматка караганда, алардын көбү үчүнчү өлкөлөргө кетүү үчүн паспорт алууну көздөйт.

Айрымдары мобилизацияга туш болуп, согушка барбоо үчүн аннексияланган жарым аралдан кетүүгө мажбур болгонун айтып беришти. Кабарчы сөзгө тарткандардын бири Орусияны мекени деп эсептебесин, ал оккупант өлкө экенин айтат.

Украинанын Казакстандагы консулу Иван Алмаштинин айтымында, элчилик кандай паспорту болбосун, крымдыктарга жардам берүүгө аракеттенет.

“Украин жаранынын паспортун көргөзүшсө, украин жарандыгынан чыкпаган болсо, алар биздин жарандар. Биз бардыгын текшерип, документ беришибиз керек”, - деп түшүндүрдү консул.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация жарыялагандан кийин өклөдөн чыгууга аракеттенип, башка мамлекеттерге, негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү. Эксперттер Коргоо министрлигине кеңири ыйгарым укук берилгенин, согушка иш жүзүндө аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү ар бир киши тартылышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG