Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

The Bell: чек арачыларга мобилизацияга жарамдуулардын тизмеси берилди


Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизация жарандардын ара-бери каттамын чектебесин билдирген эле.
Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизация жарандардын ара-бери каттамын чектебесин билдирген эле.

Орусиянын Чек ара кызматына мобилизацияга жарамдуу жарандардын тизмеси берилди жана ал тизмедегилер өлкөдөн чыгарылбай жатат. Бул тууралуу The Bell басылмасы авиация тармагындагы төрт булагына таянып жазды. Анда бул жарандардын аты-жөнү чек арадагы "Мир" көзөмөл системасына киргизилгени, аймактардагы аскер комиссариаттарынан тишелүү маалыматтар келип, улам толукталып жатканы айтылат.

Буга чейин Коргоо министрлиги жарым-жартылай мобилизация жарандардын ара-бери жүрүшүн, каттамын чектебесин билдирген эле.

Орусиянын 30дан ашык шаарында 25-26-сентябрь күндөрү мобилизацияга каршы нааразылык акциялары өткөн. Митингдердин жүрүшүнө байкоо салган ОВД-Инфо тобу анда 800дөн көп киши кармалганын, алардын көбү Москвада экенин билдирген. Жалпысынан буйрук чыккадан бери жүздөгөн адам кармалган жана айрым жерде акцияга чыккандар күч менен таркатылган.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Анын буйругу орус армиясы Украинада чегинип жаткан маалга туш келди. Бул - Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Орусияда жарыяланган алгачкы мобилизация.

Батыш эксперттери согуш башталгандан бери жети ай ичинде Орусия чоң жоготууга учураганын айтып келишет. Москва беш миңден ашуун аскеринен айрылганын жакында эле билдирди.

XS
SM
MD
LG